АБДЫКАЛЫКОВ Акылбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:03, 5 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АБДЫКАЛЫКОВ 1 to АБДЫКАЛЫКОВ Акылбек) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКАЛЫКОВ Акылбек (30. 1. 1948-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Шалта айылы) - артист, режиссёр, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1978), Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1993). 1972-ж. А. В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр искусствосу институтун бүтүргөн. 1972-79-ж. Ош кыргыз драма театрында актёр, 1979-81-ж. Кыргыз ССРинин мамлекеттик радиоуктуруу ж-а телекөрсөтүү комитетинде режиссёр, 1981-83-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, 1983-87-ж. К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында актёр, 1987-90-ж. ошол эле театрда режиссёр ж-а актёр, 1990-ж. ал театрдын директору ж-а режиссёру, 1994-96-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында көркөм жетекчи, директор, 1996-жылдан Чүй областтык Шаршен атындагы куудулдар театрынын көркөм жетекчиси ж-а директору. Аткарган ролдору: Шамшы (А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»), Адылбек Жайнаков (Т. Абдумомунов, «Эч кимге айтпа»), Сараң рыцар (А. Пушкин, «Сараң рыцар»), Момун (Ч. Айтматов, «Ак кеме»), Сэр Тоби (У. Шекспир, «Он экинчи түн»), Шаар башчысы (Н. Гоголь, «Текшерүүчү») ж. б. Кинотасмаларда Алибектин («Мен - Тянь-Шань»), Осмондун («Кайчылаш жолдор»), Атанын («Сенин

АБДЫКАЛЫКОВ 140.png

үйүң кайда үлүл»), Бстей хан («Найман эненин кошогу») ролдорун аткарган. А. койгон спектаклдер: «Жан биргем Электра» (Л. Дюрка), «Мен сүйгөн обон» (Б. Калчабаева), «Темир корук» (М. Гапаров), «Элеттик анекдоттор» (А. Вампилов), «Сынган мазар» (3. Сооронбаева), «Түнкү шоола» (Л. Разумовская), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (Б. Жакиев), «Ак Мөөр» (Ж. Садыков), «Эзоп» (Г. Фигейдеро). А. - Бүткүл союздук жаштар чыгармачылыгынын лауреаты (1976).