АК-ТӨӨ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:58, 2 Март (Жалган куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөӊгү. Кыргыз-Ата суусунун сол куймасы ‒ Чили-Сайдын алабында жайгашкан. Уз. 6,0 км, аянты 3,5 км2, көлөмү 0,24 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4900 м, этеги 3850 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4250 м. Абляциясынын аянты 1,8 км2. Мөӊгү тартылууда. Андан Ак-Төө суусу башталып, Кыргыз-Ата суусунун сол куймасы Чили-Сайга оӊ жактан куят.