АГРАРДЫК УКУК
, а й ы л ч а р б а у к у г у ‒ бири-бири м-н өз ара тыгыз байланышкан жер, мүлк, эмгек ж-а уюштуруу-башкаруу мамилелерин жөнгө салуучу комплекстүү укук тармагы. А. у-тун предметин өз ара ажырагыс болуп байланышкан агр. мамилелердин комплекси түзгөндүктөн, аны жөнгө салуу да ар түрдүү. А. у-тун өзгөчө объектилерине: а. ч. ж-а агр. бирикмелеринин ж-а алардын кызматкерлеринин укуктук статусу, а. ч. ишканаларынын жер пайдалануу укугу, ушул ишканаларда өндүрүштү, эмгекти уюштуруу, укуктук жактан жөнгө салуу б-ча алардын мүлкүнө тиешелүү укук режими, өндүрүштүк, чарбалык, финансы иштерин жөнгө салуу, а. ч. ишканалары м-н бирикмелеринин келишим түзүү жагынан мамилелери, а. ч. ишканаларынын мүлкүнө зыян келтиргени үчүн жоопкерчилик, а. ч. ишканалары м-н бирикмелердин ж-а башкалардын кызматкерлеринин көмөкчү чарбаларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу сыяктуу юрид. нормалар кирет. А. у. илимдин тармагы катары а. ч-сынын укуктук маанилүү проблемаларын илимий жактан иштеп чыгууга, о. эле мыйзам актыларын бир системага салууга мүмкүнчүлүк берет.
А. Апышев.