АК-БУЛАК ЧОПО КЕНИ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Ысык‑Көл обл‑нун Түп р‑нунда, Күрмөнтү кыш‑нан 4 км батышта. 1990‑ж. геол. чалгындоо иштери аткарылган. Кен
аймагы төртүнчүлүк мезгилине таандык, калыңдыгы 1,6–19,6 м болгон кумайлуу топурак катмарынан түзүлгөн. Кумайлуу топурак «100», «125» маркадагы кирпичти өндүрүүгө жарамдуу. Кендин запасы: А категориясы б‑ча 78 миң м3, В‑302 миң м3, Cj‑356 миң м3, A+B+Cj‑736 миң м3.