«АКСАК КЕМПИР БАПАЛАК»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ жаштар оюну. Ойнолуучу жердин чеги белгиленип, «Аксак кемпир бапалак» дайындалат. Ал эки колун бириктирип, отко күйүп калган сыяктанып, алаканын үйлөп, оюнчуларга келип: ‒ Мен дарыядан кантип өтсөм болот? ‒ деп сурайт. Алар: «Дарыядан кааласаӊыз сүзүп же кечип өтүӊүз» ‒ дешет. Ал оюнчуларга дагы жакыныраак келип, алаканын үйлөй берет. Оюнчулардын бири: «Караӊгыда от үйлөгөн ким, эмне издеп жүрөсүӊ?» ‒ десе, «Мен аксак кемпир бапалакмын, менин баламды көрдүӊөрбү?» ‒ деп суроо берет. Оюнчулар ‒ «Балаӊ дарыя жакта жүрөт»‒ деп айтып, туш тарапка качышат. «А. к. б.» ачууланып, аларды кармап алуу үчүн кубалайт. Белгиленген чектен аша чуркап чыгып кеткен, о. эле кармалып калган оюнчу ырдап, бийлеп, табышмактын жандырмагын табууга тийиш.