АЗУРИТ
Jump to navigation
Jump to search
(фр. azurite – көгүлтүр) – карбонаттар классындагы минерал. Хим. формуласы Си3[С03]2(0Н)2. Моноклин сингониясында
кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы б‑ча 3,5–4, тыгыздыгы 3773 кг/м3. С. салм. 3,77, өңү кочкул көк, айнек сымал жалтырак. Табиятта халькопирит, борнит ж. б. минералдардын кычкылдануусунан пайда болот. А. – курамында 55,3% жез кездешкендиктен жездин
баалуу кенташы. Көк боёк жасоого да пайдаланылат.