АЙБОЛЧО АПАТИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:14, 25 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Талас обл‑нун Манас р‑нунда, Арал кыш‑нан 4 км аралыкта, де-
ңиз деңг. 1200‑1370 м бийиктикте. Апатит минералдашуусу соңку протерозой мезгилинде пайда да болгон горнблендит массивинде чачыранды түрдө кездешет. Апатиттин уя сымал топтолушунун көлөмү 1‑2 смден 2,5 смге чейин. Пайдалуу аянттын уз. 900 м, туурасы 65 м, запасын эсептөөнүн тереңдиги 100 м. Апатиттин (фторапатиттин) орточо өлчөмү 4,41%. Фосфордун беш окисинин өлчөмү бороз сынамыктарында 1,27—3,68%. Эки технол. сынамыкты изилдөөнүн негизинде 32,48% өлчөмүндө фосфордун беш окисинин сапаттуу концентраты алынган. Апатит кенташын агрохим. сырьё катары пайдаланса болот. Болжолдуу кенташ (руда) ресурсу 17,5 млн т, фосфордун беш окиси 0,35 млн т. Кен ачык казып алууга ыңгайлуу.