АДАПТАЦИЯЛЫК РАДИАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– жалпы тектүү  организмдерден  эволюциянын  ынгайлануу  (адаптация)  процессинде ар кандай  топтогу   организмдердин келип чыгышы.   А. р. табигый   (үзүлмө) тандалуунун таасири  м-н   ар кандай чөйрө шарттарына ж-а  анын ресурстарына (жаңы  жашоо   шарты,  коргонуу,  тоют, азык  табуу  ж.  б.)   ынгайланууга   жараша болот.   А. р-нын   натыйжасы  кандай гана таксономиялык  топко   кирген  организмдердин    (ошентип, плаценталуу   (чөптүү) сүт эмүүчүлөрдүн  А. р-сында  курт-кумурскачылар,  кол канаттуулар, приматтар, кемирүүчүлөр, коен сымалдар,  сынар-, ача туяктуулар, жырткычтар,   кит сымалдар ж. б.  түркүмдөр пайда болгон;  жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн  А. р-сында   өз учурунда  виверралар, кундуз сымалдар, аюулар, жанат сымалдар, ит сымалдар, мышык сымалдар  ж. б. тукумдар келип чыккан)   формаларынын   көбөйүшү  болуп эсептелет. А. р.  түр пайда болуу процесси  катары башталат  ж-а     кандай гана болбосун   узак   жашаган  организмдер топторунун  тиричилигинде   жүрөт, ошондуктан  ал  эволюциянын закон ченемдүүлүгүнүн  бири   катары каралат.  А. р. концепциясы  дивергенция ж-дө түшүнүктү  (эволюциянын жүрүшүндө  организм   белгилеринин ажырашы)  кеңейтет; бул терминди  орус окумуштуусу  В. О. Ковалевский   (1875; иррадиация деген ат м-н)  ж-а ага байланышпай  туруп   амер. палеонтолог  Г.Ф. Осборн (1915) илимге киргизишкен. (сүрөтү бар,1-том, 212-бет)