АБД АР-РАШИД ХАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:45, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
, А б д у р а ш и д хан – 1533–60-ж. Моголстанды бийлеген хан. Чагатай династиясынан чыккан. Султан Саид хандын уулу. Атасынын көзү барында Борб. Теңир-Тоону бийлеген. Ал аймактагы жерг. урууларды башкарууда А-га Мухаммед Кыргыз, Мырза Али Тагай сыяктуу төбөлдөр жардам беришкен. Алар Моголстан биримдигин калыбына келтирүү максатында, Моголстандын эң алыскы жерлерине чейин барып, чачыранды кыргыз ордолорун чогултушкан. А. а.-Р.х. калмактарга каршы жеңиштүү жүрүш жасап, «Гази» (б. а. капырларга каршы) атка конгон. Атасынын өлүмүнөн кийин (1533) тактыга отуруп, кыска убакытка Жети-Сууда моголдордун бийлигин орноткон. Кыргыздарга ж-а казактарга каршы күрөшүү үчүн өзбек шейбаниддери м-н союз түзгөн. Өзбек шейбаниддерин казактардын кол салуулары тынчсыздандырып турган. Моголдордун жортуулдарынын биринде кыргыз-казактар А-дын уулу Абд-ал-Латиф султанды өлтүрүп салышкан. Өч алуу үчүн ал кыргыз, казак жерлерине баскынчыл жортуулдарды жасап, кан төгүүлөр көп болгон. Ага каршы кыргыздар казак ханы Хакк-Назардын колу м-н биригип согушкан. Могол ханы канча ирет жортуулдарды уюштурбасын, кыргыздардын үстүнөн бийлигин орното алган эмес. 1537-ж. казак-кыргыз биргелешкен күчүн кыйроого учураткан. Бирок буга карабастан казактар Ташкентке, кыргыздар Кашкарга коркунуч туудурган. 
                                                                 Т. Жуманалиев.