АГНОЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:49, 24 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. agvwdia - билбестик, түшүнбөстүк) ‒ адамдын угуу, көрүү, сезүү, жыт ж-а даам билүүсү бузулбай, бирок нерсени, буюмду тааныбай ж-а болгон окуяларды билбей, эстей албай калуусу. Көбүнчө нерв ооруларында ж-а нервге залал келгенде болот. А-да окуяны толук элестете албай, айрым гана жерлерин эстейт. Мээ кан айлануусу бузулганда, шишигинде, баш сөөк-мээ жаракат алганда же иштөөсү начарлаганда А-нын ар кандай түрлөрү (көрүү, угуу, сезүү, даам, жыт билүү ж. б.) пайда болот. Көрүү же оптикалык А-да оорулуу мурда өзү көрүп билген нерселерди (көз айнек, саат, китеп ж. б.) тааныбайт ж-а аларды пайдаланууну да билбейт, сүрөтүн да тарта албайт. Мээнин кежиге-төбө аймагынын эки бөлүгү теӊ зыянга учураганда ал даана байкалат. Мындай оорулуу саатты, география картасын ж. б. пайдалана албайт. Угуу же акустикалык А. угуу анализаторунун экинчилик кыртышы зыянга учураганда пайда болот. Мында жакшы тааныш үндөрдү ‒ суунун агышын, дабышты, иттин үргөнүн ж. у. с. тааныбайт, о. эле музыканы, сөз ортосундагы интонацияларды ажырата албайт. Сезүү А-сында оорулуу көзүн жуумп, дарыгер анын кайсы манжасын кыймылдатканын аныктай албайт. Жыт ж-а даам билүү А-сы нерселер м-н заттарды даамы, жыты аркылуу аныктай албагандыгы м-н мүнөздөлөт. Органдын кызматынын бузулушун калыбына келтирүү үчүн А-га дуушар болгон оорулууларды дарылоо ж-а зыянга учураган анализатордун тийиштүү бөлүктөрүн активдештирүү м-н мээнин ооруга чалдыккан кызматын изилдеп билүүгө багытталган калыбына келтирүү чаралары жүргүзүлөт.