АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:57, 7 Июнь (Кулжа) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ уяӊ жүндүү кой породасы. 18-к-да Англия, Испания ж-а Германиядан алып келинген меринос койдон Австралияда чыгарылган. Кийинчерээк алар франция рамбульеси ж-а америка вермонттору м-н аргындаштырылып, дене түзүлүшү, жүнүнүн сапаты б-ча бири биринен айырмаланган бир нече типтеги уяӊ жүндүү койлор
АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ38.png

чыгарылган. Файн тибиндеги кой саксон мериносунан жакшыртылып алынган. Анча чоӊ эмес, жумшак жүндүү. Кочкорунун салмагы 70 кг, соолугу 35‒40 кг, жүнүнүн ичкелиги 70-сапатта. Мелүүн климаттуу жерлерде багылат. Кочкорунан 9‒10 кг (кээде 20 кгга чейин), соолугунан 4‒5 кг (айрымдарынан 10 кг) жүн кыркылат. Уяӊ жүндүү кыргыз коюнун асыл тукумун жакшыртуу максатында кочкорлору Кыргызстанга алынып келинген.