АБУ-САФА
Jump to navigation
Jump to search
– Сауд Арабстаны м-н Бахрейн мамлекеттеринин аймагында жаткан эбегейсиз көп нефть кени. Рас-Танура портунан 50 км түн.-чыгышындагы Перс булуңу нефть-газ бассейининин курамына кирет. Кен 1963-ж. ачылган, 1966-жылдан иштетилет. Алгач нефтинин запасы 850 млн т, газдыкы 90 млрд м3 болгон. Борб. Араб көтөрүлүүсүнүн аймагында. Нефтинин жогорку юра мезгилине таандык 3 кени белгилүү. Ал 3 жерден казылып алынат. Тереңдиги 2,28 км, тыгыздыгы 876 кг̸ м3. Нефтинин курамында S – 2,4%. Нефть Рос-Танура нефть терминалы аркылуу жөнөтүлөт.