АБАНЫН НЫМДУУЛУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– абадагы суу буусунун өлчөмү; аба ырайынын ж-а климаттын өзгөчөлүктөрүн мүнөздөөчү эң негизги көрсөткүчтөрдүн бири. Суу буу түрүндө атм-нын төмөнкү катмарында (6 кмте чейин) кездешет. А. н-нун атм-дагы өлчөмү туруксуз, анткени ал жыл мезгилдеринин темп-расына ж-а кеңдиктерге көз‑каранды. Экватордо аба өтө нымдуу, уюлдарга жакындаганда азаят. Орто эсеп м-н абанын абс. нымдуулугу жайында 10,46 мм, кышында 4,69 мм болот. Жер бетинен бийиктеген сайын нымдуулук азая бергендиктен А. н. стпратпосферада жокко эсе. Атмосферадагы булут түрүндөгү суу буусу жер бетин муздап кетүүдөн сактайт, жаан түрүндө жерге түшүп, сууларды пайда кылат. А. н. чөйрөнүн темп-расын, абанын кыймылына карата организмдеги жылуулук алмашууну жөнгө салат. Абанын салыштырма нымдуулугу 40-60% болсо, адам үчүн жагымдуу деп эсептелет. А. н. гигрометр, психрометр м-н ченелет. А. н. организм дин айлана-чөйрө м-н жылуулук алмашуусуна орчундуу таасир тийгизгендиктен, адамдын тиричилиги үчүн маанилүү. Мис., темп-pa төмөн, А. н. жогору болгон до жылуулуктун бөлүнүшү күчөп, адамдын денеси өтө муздап кетет. Нымдуулукту азайтуу үчүн абаны желдетүү, кондициялоо сыяктуу ыкмалар колдонулат. О. эле А. н. кээ бир технол. процесстерде, айрым ооруларды дарылоодо, китептерди, иск-во чыгармаларын сактоодо чоң мааниге ээ.