«АЖАЛ ОРДУНА» драмасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:02, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– кыргыз музыкалык драмасы. Драманын автору – Ж. Турусбеков (1934). А. Малдыбаев, Д. Ковалёв, П. Шубин драманын музыкасынын алгачкы вариантын 1934‑ж., ал эми соңку музыкалык редакциясын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. 1938‑ж. сах­нага коюлган. Ре­жиссёрлору‑А. Кут­тубаев, В. Я. Васильев, дирижёру-В. Целиковский, сү­рөтчүсү – Я. Штоф­фер болушкан. Баш каармандардын об­раздарын түзгөн туңгуч аткаруучулар:

«Ажал ордуна» муз. драмасы. Искендер ­К. Чодронов (1957).

А. Куттубаева (Зулайка), А. Боталиев (Искендер), А. Малдыбаев (Бектур). Тарыхый музыкалык дра­мада кыргыз элинин 1916‑жылдагы көтөрүлүшү сүрөттөлөт. Элдик мотивдер м‑н профессио­налдык музыканы чебер айкалыштыруунун натыйжасында «А. о.» муз. драмасы улуттук иск‑вонун жаңы баскычына көтөрүлгөн.