АБДУРРАХМАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:51, 4 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (1844, Кабул – 1901, ошол эле жерде) – азыркы Афганистандын негиздөөчүсү ж-а аскер лидери, 1880-жылдан Афганистандын эмири. 1878–80-ж-дагы Экинчи Англия-Афган согушунда (к. Англия-Афган согуштары) Афганистандын түндүгүндө (1880) өзүнүн бийлигин орноткон. Ал күчтүү армия түзүп, Кандагар, Герат, Хазаражат, Афганистан, Түркестан ж-а Кафиристанды басып алып, Афганистандын чек араларын кеңейткен. А. натыйжалуу салык чогултуу, бирдиктүү акча тутумун ж-а борборлоштурулган бюрократиялык башкарууну киргизген. Феодалдык бытырандылыкты жоюуга ж-а өлкөнүн экономикасын чыңдоого чоң салымын кошкон. Улуу державалардын ортосундагы карама-каршылыктардан пайдаланып, мамлекеттин бүтүндүгүн бекемдөөгө ж-а камсыз кылууга аракет кылган. Өлкөгө катуу режим орноткон. Европалыктар үчүн Афганистанга кирүүгө тыюу салынган. Атайын уруксаты жок өлкөдөн чыгып кеткен жарандары өлүм жазасына дуушар болгон. Өлкөдө калкка катуу көзөмөл орнотулуп, кербен жолдорундагы уурулар м-н каракчыларга карата чаралар колдонулган. Аскер иштери, адм. структура, сооданы уюштуруу жаатында реформалар ишке ашкан. Кабулда курал-жарак з-ддору курулуп, аскер окуу жайлары ачылган. А. негизинен өзүнүн Англияга көз карандысыз тышкы саясатын жүргүзгөн.