БЛЭР Энтони

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Энтони (Тони) Чарльз Линтон (6. 5. 1953-ж. т., Эдинбург, Улуу Британия) – мамл. ишмер. Улуу Британиянын премьер-министри (1997–2007). Юристтин үй-бүлөсүнөн. 1975-ж. Оксфорд ун-тинин юрид. мектебин бүтүргөн. 1975-ж. Лейбористтик партиясынын катарына өткөн. 1983-жылдан Общиндер палатасынын депутаты, 1984-жылдан финансы, экономика, соода ж-а ички саясат маселелери б-ча лейбористтер  фракциясынын эксперти, 1987-жылдан лейбористтик "көмүскө кабинетте" ар кандай кызматтарды аркалаган, 1994-ж. лейбористтер партиясынын төрагасы болуп шайланып, «Жаңы лейборист, жаңы Британия» деген ураан астында аны реформалоону демилгелеген, бул 1997-жылдагы шайлоодо лейбористтер партиясынын ийгилигине өбөлгө түзгөн.  Ал бир катар ички саясий реформаларды жүргүзгөн (Шотландия, Уэльс ж-а Түн. Ирландияда аймактык парламенттерди түзүү, мамл. мектептерди реформалоо ж. б.). Сербия, Афганистан ж-а Иракка каршы АКШнын согуштук аракеттерин активдүү колдогон. 2007-ж. Б. Лейбористтер партиясынын төрагасы ж-а премьер-министр кызматын Г. Браунга өткөрүп берген. 2007–15-ж. Жакынкы Чыгышты (Европа Союзу, Россия, АКШ ж-а БУУ) жөнгө салуу б-ча квартеттин атайын өкүлү. Бир нече банктык топтордун кеңешчиси.