БИЯНХУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Б о  Я н х у  (болжол м-н 25. 5. 1830,  Сияньфу, Кытай  — 26. 7. 1882, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу обл., Токмок уезди, Пишпек) – 1862–77-ж. Цинь бийлигине каршы күрөшкөн дунгандар (хуэйцзу элинин) көтөрүлүшүнүн лидерлеринин бири. Кашкарда Эюб Мухаммед деген ат м-н белгилүү. Шэньси провинциясындагы Сиань ш-на жакын жерде жашаган айылдык округдун аксакалы үй-бүлөсүнөн чыккан. 1862-жылдан Кытайдын Шэньси ж-а Ганьсу провинцияларында хуэйцзулардын куралдуу көтөрүлүштөрүнө катышкан. 1868-жылдан дунгандар козголоңдорун жетектеп, эл ичинде "Тигр" деген титулга ээ болгон. 1872-ж-дын аягы – 1873-ж-дын башында Б. Синьцзяндагы маньчжур аскерлерине каршы уйгурлардын көтөрүлүшүнө катышкан. 1877-ж. көтөрүлүш Цин армиясынан жеңилип, Б. 5 миң адамы м-н качып, Торугарт ашуусу аркылуу Кыргызстанга өткөн. Кытай бийлигинин Биянхуну кайтаруу талабын Россия өкмөтү канааттандырган эмес. Учурда урпактары Кыргызстандын Ананьево айылында жашайт.