ИСМАНОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Таалайбек Кадырович (22. 12. 1061-ж. т., Чүй обл., Кемин р-ну, Шабдан айылы) – юрист. юридикалык илимд. доктору. профессор. 1983–88-ж. В.И. Ульянов-Ленин атн. Казан мамлекеттик университетинин тарых факультетин (1988), анын аспирантурасын (1991), Эл аралык башкаруу, укук жана бизнес академиясынын юриспруденция факультетин (2006) бүтүргөн. 1991–92-ж. КР ИИМдин Бишкек Жогорку мектебинде мамлекеттик-укуктук дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, 1992–98-ж. доценти, 1998–2000-ж. начальниктин орун басары, 2000–04-ж. кафедранын начальниги, 2004–05-ж. КР Чек ара кызматынын Башкы ыкчам башкармалыгынын аскердик-илимий бөлүмүнүн начальниги, 2005–06-ж. КР Премьер-министринин Аппаратында коргоо жана укук тартиби бөлүмүнүн референти, КР Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин басма сөз кызматынын начальниги, 2006–07-ж. КР Президентине караштуу Улуттук гвардиянын юридикалык бөлүмүнүн начальниги, 2007–11-ж. КРСУнун юридикалык факультетинин Эл аралык укук кафедрасынын доценти. 2011–12ж. КР  Дипломатиялык академиясында окутуучу. 2012-жылдан Кыргызстан эл аралык университетинде окутуучу. 60тан ашык ил. эмгектин (а. и.  9 китеп) автору. Эмг.: «1917–1937-жылдары Кыргызстандын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн мамлекеттик-укуктук жөнгө салуу» (тарыхый-укуктук изилдөөлөр). Б., 2019.