ЖУМАБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Бектемир Миталипович (14. 6. 1960, Ош обл., Чоң-Алай р-ну,  Дароот-Коргон айылы - 16. 1. 2014, Бишкек) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (2010), проф.(2014). 1983-ж. КМУну бүткөн. 1983-88ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы социология бөлүмүндө кызматкер,  1988-96-ж. КМУда окутуучу, 1996-2001-ж. КРдин Жогорку Кеңешинде депутаттын жардамчысы, 2001-08-ж. Э. Арабаев атн. КМПУда Чыгыш тилдери ж-а маданияты ин-тунун директору, 2008-14-ж. КМУда тарых ф-тинин деканы, Кыргыз тарых коому эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти болуп иштеген. Ал 100дөн ашуун ил. эмгектин автору. 

Эмг.: Жумабаев Б. М. Русские экспедиции на Памир и Алай во второй половине XIX – начале XX вв. - LAP Lambert Academic Publishing, 2012; Жумабаев Б. М. Южный Кыргызстан глазами российских путешественников (вторая половина XIX– нач. XX вв.) / Отв. ред. член-корр НАН КР, проф. К. У. Усенбаев; ред. В. Я. Галицкий. – Бишкек: Гос. дирекция «Ош-3000» при Правительстве КР, 1999; Жумабаев Б. Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш / Жооптуу ред. Э. Ж. Маанаев. – Бишкек: Учкун, 2009. Жумабаев Б., Маанаев Э. Памир кыргыздары: Тарыхий-этнографиялык очерк. – Бишкек, 2009. Текке кетпес өмүр бар: Тарыхчы, профессор Бектемир Жумабаевдин (1960-2014) жаркын элесине: Макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б. – Бишкек: Maxprint басмасы, 2014. “Мурас” фонду. “Тарых жана мурас” түрмөгү).