АКЕРЛОФ Джордж
Jump to navigation
Jump to search
(17. 6. 1940-ж. т. Нью-Хейвен) – амер. экономист. Информациялык экономика, макроэкономика, эмгек экономикасы, кайчылаш экономика ж-а социалогия тармактары б-ча эмгектердин автору. Негизги эмгеги – “Лимондор “ рыногу: сапаттын белгисиздиги ж-а рынок механизимдери”, мында ал колдонулган автомобилдер рыногун мисалга келтирип, бул акыры рыноктун жабылышына же сапаты начар продукциялардын чыгарылышына алып келерин изилдеп экон. анализ чыгарган. Новель сыйл. ээси (2001, М. Спенс ж-а Дж. Стиглиц м-н бирге).