АЭРОАКУСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(гр. aer – аба ж-а акустика) – физиканын үндүн аэродинамикалык проблемаларын,  кыймылдуу чөйрөдө үндүн таралышын,  үндүн  туруксуз агым   м-н өз  ара аракетин,  о. эле  аэродинамикалык  пайда болгон  акустикалык ызы-чууну азайтуу методдорун  изилдөөчү аэродинамика м-н акустиканын  ортосундагы   бөлүмү.  А.   аэродинамикалык күчтөр ж-а  аба  агымынан пайда болгон үндөр  м-н байланыштуу,  бирок сырттан таасир этүүчү күчтөр  ж-а   толкундардан  пайда болбойт.  Механиканын  аэродинамика, туруктуулуктун гидродинамикалык теориясы, куюн динамикасы, турбулентүүлүк теороиясы м-н тыгыз байланышта.  Суюктуктун агым кыймылында пайда болгон  үндүн  теориялык маселесин алгач фр. физик Дж. У. Рэлей  карап чыккан (1877). Бирок,  А-ны парктикалык пайдалануу    орус окумуштуулары  Л. Я. Гутиндин винттин  айлануусундагы   ызы-чуу ж-дө  (1936), Е. Я. Юдиндин стержендин айлануусунун ызы-чуусу (1944), Д.И. Блохинцевдин  кыймылдуу  чөйрөнүн акустикасы  ж-а   англ. окумуштуу   М. Дж. Лайтхаллдин турбуленттүү агымдын  чуусу  ж-дө   окууларынан кийин  башталган.


Аэродинамикалык чууну эки класска бөлсө болот: агым бөлүкчөлөрүнүн (агым чуусу ж.б.) ж-а катуу нерсеге агым тийгендеги чуу (өткөргүчтөрдүн, винттин, желедеткичтин, планердин, самолеттун чуусу ж. б.). Үндүн аэродинамикалык генерациясынын негизги себеби куюндун пайда болушу ж-а газдын нерсени, о. эле кыймылдуу чөрөнү тез куюндай айланып өтүүсү..