АЭРОАКУСТИКА
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
(гр. aer – аба ж-а акустика) – физиканын үндүн аэродинамикалык проблемаларын, кыймылдуу чөйрөдө үндүн таралышын, үндүн туруксуз агым м-н өз ара аракетин, о. эле аэродинамикалык пайда болгон акустикалык ызы-чууну азайтуу методдорун изилдөөчү аэродинамика м-н акустиканын ортосундагы бөлүмү. А. аэродинамикалык күчтөр ж-а аба агымынан пайда болгон үндөр м-н байланыштуу, бирок сырттан таасир этүүчү күчтөр ж-а толкундардан пайда болбойт. Механиканын аэродинамика, туруктуулуктун гидродинамикалык теориясы, куюн динамикасы, турбулентүүлүк теороиясы м-н тыгыз байланышта. Суюктуктун агым кыймылында пайда болгон үндүн теориялык маселесин алгач фр. физик Дж. У. Рэлей карап чыккан (1877). Бирок, А-ны парктикалык пайдалануу орус окумуштуулары Л. Я. Гутиндин винттин айлануусундагы ызы-чуу ж-дө (1936), Е. Я. Юдиндин стержендин айлануусунун ызы-чуусу (1944), Д.И. Блохинцевдин кыймылдуу чөйрөнүн акустикасы ж-а англ. окумуштуу М. Дж. Лайтхаллдин турбуленттүү агымдын чуусу ж-дө окууларынан кийин башталган.
Аэродинамикалык чууну эки класска бөлсө болот: агым бөлүкчөлөрүнүн (агым чуусу ж.б.) ж-а катуу нерсеге агым тийгендеги чуу (өткөргүчтөрдүн, винттин, желедеткичтин, планердин, самолеттун чуусу ж. б.). Үндүн аэродинамикалык генерациясынын негизги себеби куюндун пайда болушу ж-а газдын нерсени, о. эле кыймылдуу чөрөнү тез куюндай айланып өтүүсү..