АВОКАДО
Jump to navigation
Jump to search
(Persea Americana) – өсүмдүктөрдүн лаврлар тукумундагы мөмө дарак. Дайыма жашыл, бийикт. 25 мге жетет. Жалбырагы ири, калың. Гүлү майда, саргыч-жашыл, шыпыргы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү бир уруктуу данекче, салм. 100дөн 1000 гга чейин, формасы көбүнчө алмурут сымал, жашыл, күрөң же сыя көк, сулпу майлуу (5тен 25-30% май болот) ж-а данеги чоң. Мөмөсү жаңы кезинде ж-а консерваланган түрүндө пайдалыналт. Сулпунан салат жасалат, азык майы алынат, анын калориялуулугу каймак майдан кем эмес. Анын мөмөсүндө углеводдун аз болушу ж-а жогорку калорялуулугу кант диабетинде айрыкча баалуу болуп эсептелет. Бул өсүмдүктүн жапайы түрү белгисиз. Айдалма А-нун мекени Борб. Америка, андан Түш.-Чыгыш Азияга ж-а Африкага тараган. Тропик ж-а субтропик өлкөлөрдө ( Мексика, Бразилия, Индонези ж. б.) өстүрүлүп, негизги азык продуктусу болуп эсептелет. КМШ өлкөлөрүндө Кавказдын Кара дениз жээктеринде өстүрүлөт. (Сүрөтү бар,БРЭ, 1-том, 87 бет)