АБЕРДИН-АНГУС УЮ
Jump to navigation
Jump to search
ири мүйүздүү малдын эт багытындагы породасы. Шотландиянын катаал климаттуу тоолуу р-нундагы Абердин графтыгынын кара токол уйу ж-а Ангус графтыгынын күрөн уйун аргандаштыруудан алынган. Эти өтө даамдуу, чыктуу, тез жетилет, абдан тукумчул, тукум куугучутугу туруктуу ж-а чөйрөгө жакшы ынгайланышына жараша бул порода дүйнөдө таралышы б-ча экинчи орунда. Ал Түн. ж-а Түш. Америка, Океания, Европада багылат. КМШ өлкөлөрүнө 1932-ж. Англиядан алынып келинген. Калмак уюу, о.эле сүт, эт-сүт багытындагы уйлар м-н аргындаштырууда пайдаланылган. Уй токол, кара (кээде кызыл-күрөң) түстө. Букасынын бийикт. өркөчүнөн 125-130 см, уйу 120-125 см. Букасынын тирүүлөй салм. 750-800 кг, уйу 500-550 кг. Жаны туулган музоосунун салм. 28-30 кг. Бордолгон 14-15 айлык торпогунун тирүүлөй салм. 400-450 кг, союлганда 58-60% эт алынат. АКШда А.-а. у-нун боюу бийик тиби чыгарылгын. Анын өркөчүнөн бийикт. 145-147 см, тирүүлөй салм. 1000 кгга жетет. КМШ өлкөрүндө асыл тукум чарбаларында малды агындаштырууда пайдаланылат.