АХИЧЧХАТРА
Jump to navigation
Jump to search
– Панчала (тагыраагы Түн. Панчаладагы эл.”Махабхарата” эпикалык поэмасында баатыр катары көп эскерилет) мамлекетинин борбору. Индиядагы байыркы шаар. Сөзмө-сөз которгондогу мааниси жакалуу жылан дегенди түшүндүрөт. Негизинен панчалалыктардын арасында жылан ж-дө таралган уламышка байланыштуу. Кытай кечили Сюань Цзян 7-к-да А-га барып Ашоко падышанын көлдүн жээгине курган тектири ж-дө эскерет. Бул тектирчеде Будда 7 күн бою жылан ж-дө акыл-насаат айткан. А-нын айланасындагы заманбап Рамнагара аймагында жүргүзүлгөн казуудан кийин (Делиден чыгышта) бул шаар б. з. ч. 2–3-к-да гүлдөгөн аймак болгондугун айгинелейт. А-дан 1 миң жылдыкка таандык табылган искусство эстеликтери буддизм (вишнуизм) ж-а индуизм (шиваизм) м-н байланыштуу.