АНГКОР-ТХОМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(кхмерлердин “улуу шаары”) – кхмерлердин Камбуджадеша империясынын (12-к-дан 1432-ж. чейин) борбору болгон. Ангкоранын аймагында Жайавармана VII королунун буйругу м-н курулган. Айланасы 3 км, квадрат түрүндө салынган. Таш дубалдарынын төрт жагында 4 дарбаза (бийикт. 8 мге жеткен) мунаралары м-н курулган. Король жеңишке жеткенде 5-жеңиш дарбазасы салынган. Ал дубалдар айланта туурасы 100 м келген арык м-н курчалган. Алар аркылуу 5 көпүрө-дамба тосмолору  54 гигант фигуралар (кудай ж-а шайтандар) салынган. Шаардын борбордук бөлүгүндө Байон храмы жайгашкан. Королдун жыгач сарайы м-н калың  кооз террасалары сакталган. Шаардын бир бөлүгүн парк ээлейт. Шаардын чегинде Пхимеанакас (10-к-дын орто чени), Бапхуон (11-кңдын орто чени) храмдары сакталган. А.-Т. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.