АКСУМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – Эфиопиянын түндүгүндөгү шаар. Адуа ш-нын батышында, деңиз деңг. 2100 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 39,4 миң (2004). Аэропорту, госпиталы бар. Туризм өнүккөн. Болжолдуу б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченинде Түш. Арабстандан көчүп келгендер негиздешкен. Кийинчерээк Аксум хандыгынын борбору болгон. Үч некрополдун калдыктары (2–4-к.), ак сарай курулуштарынын пайдубалы (4–7-к.) үч нефтүү Мапия Сион собору (17-к.), ага жакын жерде байыркы чиркөө, байыркы Эфиопия, грек ж-а сабей тилдеринде жазылган гранит эстеликтер (эң бийиги 34 м) табылган. Ал эстеликтердин бирөө Римге көчүрүлүп келинип, Пьяцца ди Канона портуна орнотулган. А. ш. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.