АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
адабий чыгармаларды системага салуу ж-а топ-топко ажыратуу принциби. Көркөм ад-т эпос, лирика, драма деген тектерге бөлүнөт. Бул көркөм ад-ттын узакка созулган тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Көркөм чыгармачылыктын тектери байыркы замандан бери бири-биринен ажырабаган мүнөздө болуп, коомдук турмуштун татаалданышынан улам ич-ара жиктеле баштаган. Көркөм ад-ттагы мындай жиктелүүнү алгач илимий термин м-н  Аристотель атаган. Адабий чыгармалар реалдуу дүйнөнү чагылдыруу ыгына жараша тектерге бөлүнөт. Эпос турмуш көрүнүштөрүн, окуяларды автор тарабынан сүрөттөө баяндоо аркылуу чагылдырууга умтулат. Драмада окуялар каармандын кыймыл-аракети ж-а өз-ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет. Лирикада адамдын ички сезимдери туюнтулат. Ушуга жараша лирикада монолог, драмада диалог, эпосто монолог-диалог ж-а алардан башка окуялардын жүрүшүн баяндоо, портреттик ж-а пейзаждык мүнөздөмөлөр басымдуулук кылат. Бирок ад-т тектери бири-биринен ажырап турган көрүнүштөр эмес, алардын бирине тиешелүүсү экинчисине оошуп өтө берет. Анын үстүнө адабий чыгармалардын тектерге бөлүнүшү дайыма шарттуу мүнөзгө ээ.