АЛКОГОЛЯТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:42, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

[АЛКОГОЛЯ́ТТАР]

‒  спирттин гидроксид тобундагы суутек атому металлдар м-н орун алмашуусунан пайда болгон туз сымал орг. бирикмелер. Алар спиртте жеӊил эрүүчү, ным тарткыч катуу заттар. Бир атомдуу спирттердин жалпы формуласы M(OR)n, мында n‒металлдардын кычкылдануу даражасы. Бир атомдуу спирттер м-н жегич, жегич жер металлдарынын A-ы иондук бирикмелер, ажыроо t 200‒300°C. Спиртте ж-а суюк NH3тө жакшы эрийт. Спиртке металл таасир этүүдөн алынат: 2C2H5OH+2Na→2C2 H5ONa + +H2. Ар түрдүү орг. бирикмелерди синтездөөдө колдонулат.