АКСЕЛЕРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:15, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (Kadyrm moved page АКСЕЛЕР АЦИЯ to АКСЕЛЕРАЦИЯ without leaving a redirect) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
, а к ц е л е р а ц и я (лат. accelratio ‒ ылдамдоо) ‒ 1) б и о л о г и я д а ‒ түйүлдүктүн айрым бөлүкчөлөрүнүн тез калыптанышы; 2) а н т р о п о л о г и я д а ‒ жаш өспүрүмдөрдүн денесинин физиол. жетилүүсүнүн тездеши; 3) п с и х о л о г и я д а ‒ балдардын акылынын тез өнүгүшү. Адам денесинин өсүшүнүн тездегени 20-к-дын башында эле дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө байкалган. Ага байланыштуу болгон кубулуштардын татаал комплексин 1935-ж. Е. Кох А. деп атаган. А. элдин бардык социал. топторунда байкалып, ар түрдүү анат. ж-а физиол. белгилерге таандык. Мис., мындан 100 жыл мурдагыга караганда азыр жаӊыдан төрөлгөн баланын боюнун уз. орто эсеп м-н алганда 0,5‒1 смге, салмагы ‒ 100‒300 гга чоӊ. 5‒7 жаштагы балдардын денесинин уз. 1880-жылдан 1950-жылга чейинки мезгилдин ар бир 10 жылында орто эсеп м-н 1,5 смге, массасы ‒ 500 гга улам өсүп турган. Мектеп жашындагы балдардын денесинин уз. ушул эле мезгилдин ичинде 10‒15 смге өскөн. Балдар чоӊойгон сайын А-нын темпи да күчөйт. Мис., Ленинград обл. 10‒15 жылдын ичинде 16‒18 жаштагы окуучулардын боюнун уз. орто эсеп м-н алганда 6‒9 смге, салмагы 4‒8 кгга, көкүрөгүнүн айланасынын уз. 7‒11 смге өскөндүгү байкалган. Жаштардын дене боюнун өсүшү м-н катар алардын жыныстык жактан жетилүү мөөнөтү да ылдамдоодо. А-нын себептери ж-дө ар кандай гипотезалар бар: бир катар илимпоздор күн нурунун ургаалдуу таасири, тамактануунун жакшырышы, электр магниттик ж-а иондоштуруучу нурлануунун таасиринен деп далилдешсе, айрымдары жашоо шарттын жакшырышы, витаминдүү тамак-аштын арбын болушу, радио, телекөрсөтүүлөр, ММК аркылуу көп маалыматтарды билүүсү балдардын ар тараптан тез өсүшүнө шарт түзөт дешет. А социал. ж-а экон. шарттардын таасири чоӊ.