«БАГЫШ» эпосу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ баатырдык эпос. Багыш баатыр ж-дө «Манас» эпосунда айтылат. «Жедигердин эр Багыш», «Жедигердин Багышы» же болбосо «Эр Багыштын Суртелки» деген саптар м-н ка

тар эле «Букардын тыяк бетинде, Жетөзөн деген жери бар. Жетөзөндө жердеген, Жедигер деген эли бар. Ал жедигер ичинде, Багыш деген каны бар» ‒ деген саптар Саякбайдын айтуусунда эскерилет. Багыш ж-дөгү көлөмдүү эпикалык баян жалаӊ гана кызылсуулук кыргыздардын арасында кеӊири тарабастан, алатоолук кыргыздардын да сүйүктүү чыгармасына айланган. Манасчы Жусуп Мамай «Манас» эпосунун сегиз муунунан сырткары кытайлык кыргыздар арасында тараган «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Мамаке Шопок», «Көбөн баатыр», «Тилекматтын баяны» сыяктуу алатоолук кыргыздарга белгисиз эпикалык чыгармаларды жаратуу м-н бирге, «Курманбек», «Эр Төштүк», «Жаӊыл Мырза», «Кыз Сайкал» сыяктуу эпостордун да варианттарын элге тартуулаган. «Б.» баатырдык эпосу бир нече окуяны ичине камтыйт. Ал атасынан бийликти колуна алгандан баштап, калмак, тажик, манжу, түркмөн, чечен, каракалпак, маӊгул, тейит, маӊгыт, бараӊ, кызылбаш элдеринен чыккан Бака, Королдой, Көӊтөй, Болот, Байтур, Челекбаш, кырк каракчы сыяктуулар м-н кандуу кармашта өз намысын бербестен жеӊишке ээ болот. Багыштын атасы Бай жедигер элин баатырдык көрсөтүп сактап турбастан, байлыгына таянып, алымын өз убагында берүү м-н журттун тынччылыгын бузбай жашоо камын көргөн. Эпостун сюжетин деги окуялардын өөрчүү процессинде ж-а анын негизги фабуласында Багыштын эрдиги жедигер элин баскынчы душмандарга кор кылбастан сактап калууга багытталган. Мына ушунун далили катары Багыш Көӊтөйдөн запкы жеп качканда өз күчүн топтоп, кийинки жылы кол салууну максат кылып коёт да, кыргыз хандары м-н баатырларына кайрылууну туура табат. Ал бул максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн өзүнүн оӊ колу, бардык иштерди тайманбастан аткарып келген Байтекени Ат-Башыдагы Кошой дөөгө, Көк-Жайыктагы Текечиге, Самаркандын сыртындагы Жамгырчы м-н Шыгайга, Бозбелдеги Көкөтөйгө барып сырдашкын деп жөнөтөт. Ат-Башыга келгенде Кошой дөөнүн акылы м-н Байтеке кыргыз хандарына барбастан, кайрылып элине келет. Кошойдун кеӊеши м-н Багыш келген жоого сокку берип турат. Башка эпикалык чыгармалар сыяктуу эле «Б.» эпосунун сюжети ар кыл темадагы эпикалык окуялар циклдеринен куралган. Сюжетти бириктирип ж-а болуп жаткан окуянын карым-катыштарын өөрчүтүп, өнүктүрүп турган эпикалык окуялар башкы каармандын тегерегине топтошту рулган. Тынчтык, көз каранды эместик сыяктуу элдик идея иш жүзүнө ашырылган. Эпос манасчы Жусуп Мамайдын айтуусунда 1991-ж. Үрүмчү ш-нда араб арибинде басылган ж-а Кырг-нда 30 томдук «Эл адабияты» сериясында жарык көргөн.