АРПА КӨРҮСТӨНҮ
– б. з. ч. 2-миң жылдыктын ортосуна таандык археол. эстелик. 1944-ж.
Ат-Башы р-нунун Арпа суусунун оң өйүзүндөгү
Жалгызүй деген жерде 2 көрүстөн табылып,
А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Көрүстөндүн диаметри 12–18 м, бийикт. 0,40–0,60 м
1-көрүстөндүн көлөмү төрт чарчы, капталындагы жалпак таштары кырынан орнотулган. 1-
көрүстөндөн чопо идиш, 2-көрүстөндөн чоподон
жасалган 3 идиш (экөөнүн бетинде оймосу болгон), идиштерден тышкары, өрттөп көмүлгөн
адамдын сөөк калдыктарын табышкан. 1945-ж.
дагы төрт көрүстөн казылып, алардан өрттөлгөн
адамдын сөөк калдыктары, көрүстөндүн биринин ич жагындагы коргончосунан күлдүн калдыктары, өрттөлгөн адамдын сөөгү, жылдызча
түрүндөгү 36 шуру, оюусу жок 2 чопо идиш, 2
коло билерик ж-а шурулар табылган. Изилденген бардык эстеликтер андрон мезгилине таандык деп аныкталган. К. Табалдиев.