АРБИТРАЖ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
[фр. arbitrage – арбитр, ортомчу,

третейлик (аралык) сот] – тараптардын макулдашуусунун негизинде талаш-тартыш маселелерди сот органдарына эмес, айрым адамдарга - арбитрлерге же третей (аралык) сотторго (судьяларга) кайрылып чечүүнүн ыкмасы (методу). А. жарандардын ж-а уюмдардын бузулган укуктарын ж-а мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу соттук формага карата жол альтернативдүү болуп эсептелет. Анын өзгөчөлүгү – иштердин каралыш тартиби ж-а арбитрлердин персоналдык курамы тараптардын макулдашуусу м-н аныкталышы ж-а мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте дайындалышы. А. негизинен соода операцияларынан, жүк ташуудан, товар жеткирүүдөн ж. б. чыккан мүлктүк талаш-тартыштарды чечет. А. органдарынын функцияларын третейлик (аралык) соттор аткарат. О. эле ара­лык А., улуттук А., б. а. мамл. ж-а ведомстволук – деп экиге бөлүнөт.