АРАБ МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– 7–10-к-да Араб халифатында арабдардын ж-а алар жеңип алган Чы­гыш м-н Батыштын, Түн. Африка м-н Түш.Батыш Европанын элдеринин маданий карымкатнаштарынын негизинде түзүлгөн маданият. Ил. ад-тта шарттуу түрдө мусулман же Араб мадты, кийин аны «Чыгыш Ренессансы» деп да аташат. Анын өнүгүүсүнө, айрыкча О. Азия, Иран, Закавказье элдери, о. эле сириялык христиандар, иудейлер ж. б-лар салым кошушкан. 8-9-к-да араб тилине байыркы Мисир, Грек, Римдин илимий ж-а адабий көп эстеликтери
которулган. 9–10-к-да Араб мад-нын гүлдөпөнүгүүсү өзүнүн жогорку чегине жеткен ж-а дүйнөлүк мад-ттын ургалдуу өнүгүшүнө эбегейсиз зор таасир көрсөткөн. Араб мад-ты эки чоң багытта: табият таануу ж-а коомдук гуманитардык илимдерди камтуу м-н өнүккөн. Анын мүнөздүү белгиси – бул улуу мад-тты жараткан аалымдар илим-билимдин көптөгөн тармактарын терең өздөштүрүшкөн энциклопедиялык
масштабдагы залкар окумуштуулар болушканында. Көп учурда алар философия, тарых, медицина, математика, физика, биология тармактарын өздөштүрүү м-н акын-жазуучу, адабиятчы ж-а тилчи да болушкан. Ошол доорлордун улуу даанышмандары – Жами, Ибн Сина, Фараби, Беруни, Жусуп Баласагун, Махмуд Кашгари ж. б. сыяктуу алп ойчулдары дүйнөлүк мад-тты укмуштуудай бийиктикке алып чыгышты. Араб тили дүйнөлүк илим-билимдин тилине айланып, не бир керемет рухий дөөлөттөрдү түзүп, ошондон азыркы күнгө чейин адамзат акыл-эсинин сыйкырдуу касиети болуп келүүдө. Мис., алкоголь, алгебра, азимут, та­риф, адмирал сыяктуу сөздөр европа элдеринин тилинде, ал эми ад-т, мад-т, китеп, мектеп,
калем, дептер ж. б. араб сөздөрү түрк тилинде сүйлөгөн элдерде кызмат кылууда. Араб жазуусу кыргыздарга о. кылымдардагы Караханиддердин доорунан (960-жылдан) белгилүү. Улуу жердешибиз Жусуп Баласагун «Куттуу билим» (1069) аттуу эмгегин араб тамгасы м-н жарат­кан. Кыргыздар бул жазууну Совет доорунун алгачкы мезгилинде да колдонушкан. Араб тилиндеги же араб тамгасын пайдаланып жазылган тарыхый булактар О. Азия элдеринин өткөн доордогу жашаган жерлери, тиричилиги, турмушу, салты, үрп-адатынан кабар берет. Мис., Абу Дулаф, Идрисинин, Истахринин ж. б. та­рыхый географияга тиешелүү эмгектеринде кыргыздардын өткөндөгү коомун, маданий турмушу тууралуу баалуу маалыматтар камтылган.

Табият илими

Албетте Араб м-нын аалымдары байыркы грек окумуштууларынын (мис., Птоломей, Архимед, Евклид ж. б.) эмгектерин араб тилине которушуп, аларды кеңи­ри өздөштүрүшкөн. Чыгышта пайда болгон ком­пас, кагаз, ок-дары ж. б. ил. ачылыштар араб­дар аркылуу Европага тараган. Арабдардын аст­рономия жаатындагы ил. ачылыштары Европа астрономиясынын негизин түзгөн. Көптөгөн жылдыздардын аталыштары, ил. ж-а маданий терминдер ушул күнгө чейин араб тилиндеги варианты м-н колдонулуп келүүдө. 827-ж. араб аалымдары тарабынан Жердин көлөмүн аныктоо максатында меридиан градустары эсептелип чыккан. 9–11-к. халифаттагы илимдин дүркүрөп өскөн мезгили. Багдадда көп сандаган мектеп ж-а китепканалар ачылып, шаар дүйнөнүн ири ил. борборунун бирине айланган. Бул калаада жогорку чеберчиликтеги кол өнөрчүлүк ж-а зор аймакты камтыган соода м-н бир катарда математика, астрономия, география илим деим де­ри дүркүрөп өнүккөн. 11-к-дын акырында чы­гыш акыны ж-а окумуштуусу Омар Хайям Бу­хара, Исфакан обсерваториясында иштеген. Ал ил. эмгектерин араб тилинде жазган. Араб математиктеринин алгебра илимин түзүүдө ролу чоң. Асман телолорунун кыймылынын моделин түзүү, асман сферасында жарык чыгаруучулардын координатасын аныктоо жолу ж. б. араб астрономдоруна таандык. О. Азиялык окумуштуу Абу Рейхан Бируни европалыктардан мурда эле биринчилерден болуп, жердин шар түрүндө экендигин, Жер Күндүн айланасында ж-а өз огунда тегеренип тургандыгын далилдеген. Абу Али ли ибн

Сина көп ооруларды биринчи жолу ил. сыпаттап жазып, аларды эмне м-н, кандайча дарылоо жолдорун, ыкмаларын өз заманына ылайык так көрсөткөн. Маалыматынын арбындыгы ж-а чыгармаларынын көптүгү жагынан араб

ге� географиясы о. кылымдарда алда канча алдыда турган. Араб географтары ж-а саякатчылары бүтүндөй мусулман Чыгышы, о. эле Европа, Африка ж-а Азиянын көптөгөн өлкөлөрү ж-дө маалыматтар жазып калтырышкан. Айрыкча соода жолдорун ж-а мусулман аймактарын баяндаган эмгектер геогр. маданий-тарыхый маалыматтарга бай. 11–14-к. мурда топтолгон геогр. сөздүк жанры ж-а ааламдын жалпы сүрөттөмөсү (космография) пайда болгон.

Коомдук илимдер.

Философияны өнүктүрүүдө, айрыкча грек окумуштуусу Аристотелдин (Чыгышта аны Аристу дешкен) философиялык ой жүгүртүүлөрү, тыянактары ж-а божомолдоолору кенен жайылган, окуп үйрөнүлгөн. Аристотелдин ил. мурасын калк арасына жайылтууда Абу Наср аль-Фараби чоң роль ойногон. Ал биринчи болуп Аристотелдин филос. эмгектерине түшүндүрмө (комментарий) жазган. Тарых илимин өнүктүрүүдө да чоң ийгиликтер болгон. Көрүнүктүү тарыхчы аз-Зухра, араб халифатынын тарыхын жазган Мукаддаси, Абу Дулаф, Истахри, Абу Рейхан Беруни өз эмгектеринде Караханиддер мамлекети кыргыз аймагы, кыргыздар ж-дө да баалуу маалыматтарды калтырган. Арабдардын оозеки көркөм чыгармачылыгында башка элдердин таасири анчалык эмес. Арабдар жарым көчмөн дыйканчылык м-н жашагандыктан, оор турмушту чагылдырган эмгек, бешик, көч ж. б. мазмундагы элдик поэзия өнүккөн. Сирия ж-а Ирак араб поэзиясынын борбору болуп калган. Бул аймактан ал-Ахраль, ал-Жарир, ал-Фараздак сыяктуу көрүнүктүү акындар чыккан. Ойчул Башшар ибн Бурд (783-ж. өлгөн) фольклордук чыгармаларды чогулткан, аларды сирия, грек тилдерине которуп, араб поэзиясын өркүндөткөн. Араб прозасынын бийик дүйнөлүк үлгүсү катары «Мин
бир түн» чыгармасы бүт дүйнө элдерине кеңири белгилүү. Рухий турмуш, жашоо, өмүр маңызы
ж-дөгү ой толгоо, айрым диний тыянактар туу­ралуу «Куран» китеби кыйла маалымат берет.

Архитектура жана сүрөт өнөрү

Арх-ра иши өркүндөтүлүп, шаарлар, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мектептер, мунаралар салынып, ири шаарлар Рабат, Мар­ракеш, Фуста, Гранададагы Аль-Гамбра кооз сарайы курулган. Сүрөт иск-восу 10–12-к-да айрыкча Египетте өркүндөгөн. Ислам дини адамдар ж-а жаныбарлардын сүрөтүн тартууга тыюу салган. Ошол себептүү имараттарды кооздоодо түркүн-түстүү оймо-чиймелер, геом. ажайып түспөлдөр, көркөм-сүрөт өнөрүнүн арабеска деп аталган түрүн түзгөн. Мекедеги Кааба, Иерусалимдеги ал-Акса (1969-ж. Израиль фанаттары тарабынан өрттөлгөн), Дамаскидеги Бани Омейя, Египеттеги ибн Тулун, ал-Азхар, ал Хаким мечиттери жогорудагыдай ыкма м-н кооздолгон. 15-к-да ал-Азхар мечитинде ачылган китепканада араб мад-ты м-н тарыхына байланыштуу 60 миңден ашуун китеп ж-а 15 миндей кол жазма сакталган. Бул мезгилде мечиттер м-н катар кербен-сарайлар, мончолор, о. эле турак жайлар салынган. Ислам дини ыр-бийге тыюу салган деген түшүнүк калыптанганына карабастан, калаалар өзгөчө Дамаск ш. аалымдар м-н акындардын, сүрөтчүлөрдүн ж. б. түрдүү өнөрпоздордун топтошкон жери болгон, ар кайсы аймактардан өнөр издегендер негизинен Дамаскиге келишкен. Алардын бири «кичинекей тотукуш» деген ат м-н белгилүү болгон ырчы, комрчы, ком­позитор Иса бин Абдаллах алгачкы эмгектерин ушул Дамаскиден жараткан. Вокалдык-аспаптык жанр айрыкча кеңири тараган, мында башкы роль ырчыга таандык болгон. Араб музыкасы Испания, Португалиянын муз. өнөрүнө, ай�­рым европалыктардын муз. аспаптарынын трансформацияланышына таасир эткен. Ошол мезгилде Ал-Кинди, ал-Исфахани, ал-Фараби, ибн Сина сыяктуу орошон аалымдар муз. тууралуу трактаттарын араб тилинде жазышкан. 11-к-дын аяк ченинде Араб халифатынын начарлай башташы, селжуктар м-н кресттүүлөргө каршы күрөш, 13-к-дагы монгол чапкыны, 16-к-дын башындагы түрктөргө, 20-к-дын башында европалыктардын оторчул саясатына каршы күрөштөр Араб м-нын андан аркы өнүгүшүнө тоскоол болгон. Бирок убагында гүлдөп-өнүккөн араб мад-ты Батыш м-н Чыгышка өзүнүн өчпөс изин калтырган.

Ад.: Мец А. Мусульманский Ренессанс. М., 1996; Гибб X. А. Арабская литература. Классический пе�­риод. М., 1960.
3. Эралиев.