АРАБАЕВ Автандил Анисович
Jump to navigation
Jump to search
Автандил Анисович (11. 8. 1962-ж.т., азыркы Жалал-Абад ш., Жалал-Абад обл.) – юрист, юридика илимд. доктору (2008), проф. КРдин эмгек сиңирген юристи (2009). Жалал-Абад пед. окуу жайын (1981), Фрунзедеги Орус тили ж-а адабияты пед. ин-тун (1986), КМУнун Кадрларды кайра даярдоо ж-а квалификациясын жогорулатуу ин-тун (2000), Казакстан Респ-нын УИА-сынын Мамлекет ж-а укук ин-тунун аспирантурасын (2001) бүткөн. 1986–2018-ж. Фрунзедеги Орус тили ж-а адабияты пед. ин-тунда, Эл аралык башкаруу, укук, финансы ж-а бизнес академиясында, КМЮАнын Мыйзамдуулук ж-а салыштырмалуу укуктук изилдөө ин-тунда, Кыргыз-Казак юрид. ж-а мамл. кызмат академиясында, Ж. Баласагын атн. КМУнун Юрид. ин-тунда окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, директор, КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппаратында улук консультант, сектор башчысы, эл аралык иштер, парламенттер аралык байланыш ж-а протокол бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2018-жылдан ЖАМУда юрид. ф-ттин деканы, проф. «Укук жана саясат» ил.-методикалык журналынын башкы редактору. 2007-ж. КР ЖКнын депутаты (IV чакырылышы) болуп шайланган.