АРАА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– жыгач, металл, таш, бетон ж. б. текзаттарды (материалдарды) тааруу, жара тилүү

үчүн колдонулуучу кол же тестик (станоктук) көп кескичтүү шайман. Жыгач тааруучу кол А-нын узатасынан ж-а ийри тааруучу түрлөрү бар. Жыгач өнөр жайында бензин же электр м-н иштөөчү А-лар колдонулат. Металл түтүктөрүн, прокаттарды, тунуке тилкелерин ж. б. металл буюмдарын тааруу диск, сүрүлмө, мис., абразивдик ж-а типггүү тасма , ийилчек болот тасмалар м-н аткарылат. Ысык темирди кесүү үчүн

Араанын түрлөрү: а – дискалуу араа; б — бычак сымал араа; в — тасмалуу араа.

өтө чоң айлануу жыштыктагы дискиси бар А. колдонулат. Курулуш ишинде тоотектеринен такта, блок, дубал таштарын жасоо үчүн кескич шайманы бышык эритме тиштүү диск, аркан, чынжырлуу А., пгакек фреза м-н жабдылган таш кескич тилет. Кескич шайманынын диаметри 3-6 мм болот аркандуу аркан А-сы м-н имарат жасалгалоочу таш иштетилет.