АПОЛОГЕТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. apologeticos – корголуучу) – христиандык окуунун негизги жоболорун

ага каршы, диний философиядан коргоо ж-а актоо. Ал Кудайдын бар экендигин, жандын өлбөстүгүн түшүндүрүүгө аракеттенген окуу. О. эле динге ж-а анын айрым догмаларына каршы багытталган көз караштарды талдоо. Апологеттер публицист, жазуучу, юрист ж-а чечендик өнөрдүн устаттары катары, грек философиясын христианчылыктын кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылган алгачкы ойчулдардан болушкан.