АСКЕР СОТТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

– аскер кызматкерлеринин укуктук корголушун, аскер кызматчысынын статусуна ээ жарандардын, о. эле аскер кызматчыларынын, аскердик башкаруу органдарынын, аскердик кызматкерлердин аракеттеринен (аракетсиздигинен) ж-а алар кабыл алган чечимдердин натыйжасында бузулган же талашка түшкөн укуктарын, эркиндиктерин ж-а мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо б-ча жарандык иштерди кароочу мамл. орган. А. с. аскер кызматчылары, о. эле аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыш иштерин да карайт. А. с. КРдин Аскер сотунан ж-а гарнизондордун аскер сотунан турат. Гарнизондордун Аскер соттору биринчи инстанциядагы соттор, КРдин Аскер соту – экинчи инстанциядагы сот болуп эсептелет.