АСАНАЛИЕВ Үсөнбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

Үсөнбек (14. 8.1932-ж. т., ЫсыкКөл обл., Жети-Өгүз р-ну, Дархан айылы) – тилчи, акын, аткаруучу, котормочу, филология илимд. доктору (2004). КРдин билим берүүсүнө эмг. сиң. кызматкер (1999). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1956). Дархан орто мектепте мугалим (1956-59), KP УИАнын тил ж-а ад-т ин-тунун ил. кызматкер (1959-69), КМУнун кыргыз тил илими кафедрасынын окутуучусу (1971), кафедра башчысы (1990-93), Ысык-Көл мамл. ун-тинде кафедра башчысы (1993) болуп эмгектенген. Анын «Кашка-Суу», «Кең Каркыра», «Карамолдону эскерүү», «Өмүр», «Сагыныч» аттуу күүлөрү бар. «Сөз – сөөлөт» (1999), «Ой – оомат» (2002), «Кеп – кербен» (2002), «Арзуу» (2003), «Акылман үкү» (2004) ж. б. чыгармалары бар. Opyc эл жомокторун (1985), Хакас эл жомокторун (1974), Белорус эл жомокторун (1987) которгон. Медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Лобнор тилинин грамматикалык кыскача очерки. Ф., 1964; Талас районунун жазуу эстеликтери. Б., 1993; Орхон-Енисей жазууларына машыгуу. Б., 1994; Тунгус-манжур, моңгол, байыркы түрк жана кыргыз тилинин кээ бир лексикалык параллелдери. Каракол, 2003.