АРЫК-БУКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

(т. ж. белгисиз – 1265/66) – монгол башкаруучусу. Чынгыз хандын уулу Тулуйдун он баласынын алтынчысы (Муңкэ, Хубилай, Хулагу, А-Б. ж. б.). Улуу хан Муңкэнин (1251-59) тушунда кыргыздар жашаган СаянАлтай, Монгол Алтайы, Чыгыш Теңир-Тоо аймактары А.-Б-нын башкаруусу алдында болгон. Муңкэ хан өлгөндөн кийин (1259), бүткүл монголдук тактыны ээлөө үчүн Муңке хандын бир туугандары А-Б. м-н Хубилайдын ортосунда күрөш жүргөн. 1260–64-ж. хандык тактыны убактылуу ээлеген А-Б. ушул эле мезгилде Кытайда бийликке келген Хубилай м-н Чагатай улусун ээлөө үчүн күрөш баштаган. 1260-ж. күзүндө Хубилайдан жеңилип, анын аскерлери
кыргыздардын аймагына качып келген. 1262-ж. А.-Б. өз аймагындагы элдерден, а. и. кыргыздардан түзүлгөн кошуунга таянып, Теңир-Тоодогу Чагатай улусунун башкаруучусу Алгуга (Чагатайдын небереси) каршы жортуул жасаган. 1264-ж. А.-Б. Кытайда монголдук Юан династиясын негиздеген Хубилай ханга (1260- 94-ж.) баш ийээрин билдирген. 1266-ж. дүйнөдөн кайткан. Ушул доордон тартып чыгыштагы (Түштүк Сибирь, Монгол Алтайы) кыргыздар Юан династиясына (1260–1368-ж.) карап калышкан, ал эми батыштагы Теңир-Тоо аймагы 1269-жылдан Хайду мамлекетине караган.
Т. Жуманалиев.