АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

– белгилүү бир аймактагы археологиялык эстеликтердин ж-а алардын тизмесин, археологиялык маданияттын жайгашкан ордун, таралышын көрсөтө турган карталар. А. к. эстеликтердин же археол. мад-ттын айрым түрлөрү б-ча же айрым мезгилдерди, бүтүндөй бир доорду кучагына алган хронологиялык карта болуп түзүлүшү мүмкүн. Ушундай карталардын базасында жыйынтыкталган жалпы А. к. түзүлөт. Кырг-нда кээ бир райондор б-ча А. к-ды А. И. Бернштам, А. К. Kuбиров, П. Н. Кожемяко, Ю. А. Заднепровский ж. б. адистер түзүп чыгышкан.