АРПА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

(Hordeum) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир ж-а көп жылдык чөп өсүмдүк. Анын 30дай түрү бар. Морфол.-геогр. ж-а биологияэкол. өзгөчөлүктөрүнө жараша эгилме А. 3 түргө бөлүнөт: эгилме, кидик, Эфиопия А-сы. Ал чачык тамырлуу, сабагы көндөй, 4- 7 муунактуу, бийикт. 30-35 смден 130-135 смге чейин. Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Топ гүлү – кылкандуу машак. Өзү м-н өзү чаңдашып, гүлдөө мезгили билинбей өтөт.
Чополуу топуракта жакшы өсөт.

АРПА 26.png


Мөмөсү – дан. Биол. өзгөчөлүктөрүнө карата жаздык ж-а күздүк болуп бөлүнөт. Сортуна, эгилген аймагына жараша жаздык А-нын вегетация мезгили 55-110 күнгө созулат. Күздүгү буудайга караганда суукка байымсыз, ысыкка, кургакчылыкка чыдамдуу. Данында суу, белок, углевод, клетчатка, күл элементтери бар. Дыйканчылыкта көбүнчө эки же андан көп (төрт, алты) кырдуу А. эгилет. Данынан акшак, ун даярдалат, о. эле баалуу тоют концентраты алынат. Анын данынан алынган продукт (мальцэкстракт) текстиль, кондитер, фармацевтика өндүрүшүндө ж-а пиво жасоодо колдонулат. Кырг-нда негизинен жаздык А. (Комбайнер, Дружба, Нарын-27, Нутанс-970 ж. б. сорттору) эгилет. Илдеттери: чаңдак кара көсөө, катуу кара көсөө, А. даты, тамыр чириги ж. б. Зыянкечтери: данчы коңуз, чегиртке, гессен чымыны, зым сымал курттар ж. б.
Ад.; Трофимовская А. Я. Ячмень. JI., 1972.