АРОМАТТЫК БИРИКМЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

– туюк чынжырлуу, жалпак түзүлүштүү, орг. молекулалар ж-а иондор. Алар негизинен электрофилдик орун алмашуу реакцияларына оңой кирип, кычкылдандыргычтарга туруктуу. Бул бирикмелерге тиешелүү алгачкы заттар жыпар жыттуу (aromatos – жыпар жыттуу) болгондуктан «ароматтык» деп аталып калган. Кийинчерээк начар жыттуу же такыр жыты жок заттар да, жогоруда айтылган хим. ж-а физ. касиеттерге ээ, ошондуктан бардык бирикмелер үчүн «ароматтык» деген тарыхый ат сакталып калган. А. б-дин практикада маанилүүсү ж-а жөнөкөйү – бензол. Аларга бензолдун конденсациясынан пайда болгон нафталин, антрацен сыяктуу углевородороддор, алардын гомологдору м-н туундулары: фуран, тиофен, пиррол, пиридин сыяктуу гетероциклдүү бирикмелердин гомологдору м-н туундулары кирет. Бензол, конденсацияланган ароматтык углеводороддор ж-а гетероциклдүү А. б. таш көмүрдү кургак буулантып айдоодон пайда болгон чайырлардан ж-а синтез жолу м-н, ал эми ароматтык иондор негизинен синтез жолу м-н гана алынат. Алар практикада дары-дармек, боёк, жарылгыч заттарды ж-а ири мол. бирикмелерди алууда колдонулат.
Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990, Горелик М. В., Эфос JI. С. Основы химии и технологии
ароматических соединений. М., 1992; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003.
С. А. Адылов.