АРКТИКА АЛКАГЫ
– Жердин эң түндүгүндөгү
геогр. алкак. Арктиканын басымдуу бөлүгүн
ээлейт. Алкактын чеги эң жылуу айдын (июль
же август) 5°С изотермасы б-ча жүргүзүлөт. Алкакка радиациялык баланстын терс же бир аз
оң мааниси, арктика аба массасынын үстөмдүк
кылышы, узакка созулган уюлдук түн, абанын
ж-a океан суусунун үстүнкү катмарынын муздактыгы мүнөздүү. Алкактын кургактагы
бөлүгүндө муздуу же таштуу арктикалык чөл
ландшафты үстөмдүк кылат; айрым жерлеринде тундра да кездешип калат. Түн. муз океандын басымдуу бөлүгү муз м-н капталган.
Арктика бассейни,уюл бассейниТүндүк Муз океандын терең бөлүгү. Түндүгүнөн
Евразия м-н Американын материктик тайыз-
дыктарынын чети ж-a Нансен босогосу м-н
чектешет. Аянты 5,3 млн кж2дей, эң терең жери
5449 м. Cyy астындагы Гаккель, Менделеев,
Ломоносов кырка тоолору А. б-н суу астындагы Нансен, Макаров, Амундсен, Канада чуңкурдуктарына бөлөт. Буурул түндөр ж-a күндүн горизонттон төмөн турушу, абанын темп-расынын төмөндүгү (январда –30°Сден –34°Сге чейин, июлда O0Cre жакын) калыңдыгы 3 м калкыма муздун (көп жылдык муз) жыл бою турушуна шарт түзөт. А. б-ндеги суу ж-a муздун циркуляциясы Атлантика ж-a Тынч океандары
м-н суу алмашып турушуна (натыйжада А. б-нин
туздуулугу бир калыпта турат; 30–32%о ) ж-а
шамалга байланыштуу. А. б-нде туруктуу агымдын ж-a калкыма муздун суткалык орто ылдамдыгы 2–4 км, фитопланктондун 70, зоопланктондун 80дей түрү бар. А. б-нин чет жакаларын, деңиз арстаны, түлөн, ак аюу мекендейт.
1937-ж. А. б-ндеги уюлга жакын жеринде
И. Д. Папаниндин жетекчилиги м-н муз үстүндө
калкып жүрмө «Түндүк уюл» («СП-1») станция
уюшулган.