АРКОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

, экологиялык архитектур а – шаарды пландаштырууда шаар калкынын экол. ж-a социал.-экон. муктаждыктарын толук эске алган арх-ранын жаңы багыты. Шаарларда жагымсыз экол. абал (чөйрөнүн уулуу заттар, таштанды ж-a өнөр жай газдары, смог ж. б. м-н булганышы) түзүлүп, шаардыктар оору-сыркоого көбүрөөк чалдыгат. Ошондуктан А. калкты табиятка жакындатууга (турак жай массивдерин жашылдандыруу, эс алуу зоналарын, парк, фонтан ж. б. рекреациялык объектилерди түзүү) аракет кылат. О. эле имараттарды курууда курулуш материалдарынын сапатына көңүл бурулуп, адамдардын коопсуздугу сакталат.
Ад.: Вронский В. А. Экология. Словарь-справочник. Ростов-на-Дону. 2002. Б. Үсөнканов.