АРКЕСИЛАЙ
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(б.з.ч. 315, Этолиядагы Питана -
240, Афины) – байыркы грек философу, платончул академиянын башкаруучусу, «Экинчи»
(Орто) академиянын негиздөөчүсү. Ал догматизмге каршы болуп, «бардыгын дагы бир жолу
изилдөө» принцибин өнүктүргөн. Анын пикиринде философиянын башкы максаты – акыйкатка ээ болуу эмес, адашуулардан арылуу.
Мындай көз караш ойчулду ой-жүгүртүүлөрдөн
алыс болуу жобосуна алып келген. Анын ою
б-ча чындыкты акыл-эстин да, сезимдин да жардамы м-н таанып билүү мүмкүн эмес. Ушул себептен ал ой жүгүртүүдөн оолак болууга чакырган. Ал адамдын тажрыйбалык ишмердиги
жетиштүү деген.
Г. Т. Ботоканова.