АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧИ
– өсүмдүктү азот м‑н
азыктандыруучу минералдык ж‑а орг. заттар. Өсүмдүктөрдүн түшүмүн жогорулатуучу негизги каражат. Алар орг. жер семирткич (кык, чымкөң, компост) ж‑а минерал жер семирткич (азоттуу аммиак, аммоний нитраты, аммоний суль фаты, натрий селитрасы, калий селитрасы, кальций цианамиди, суусуз аммиак, аммиакаттар) болуп бөлүнөт, о. эле азоттуу көк жер се мирткич (люпин, сераделла өсүмдүктөрүнүн көк массасы) да бар. Өсүмдүктөр көбүнчө азоттун ми нералдык кошулмалары -– нитраттар ж‑а ам моний туздары м‑н азыктанат. Амид А. ж. с. мочевина, кальций цианамиди ж‑а мочевинаформальдегид семирткичинен турат. Мындан сырткары мочевина м‑н аммиак селитрасынын суудагы эритмеси да колдонулууда. Анын артыкчылыгы концент‑сы жогору, арзан өндүрүлөт ж‑а оңой колдонулат. Натрий селитрасы щелочтуу болгондуктан кычкыл топурактуу жерде кант кызылчасына, буудайга, арпа ж. бларга чачылат. Калий селитрасы өсүмдүктү азот, калий м‑н камсыз кылат. Кальций цианамиди топурак кычкылдуулугун азайткандыктан орг. заттарга бай нейтралдуу топуракка чачылса, жакшы натыйжа берет. Анын негизинде комплекстүү жер семирткич даярдоого ж‑а курамы на микроэлементтерди кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. А. ж. с‑н колдонуу өлчөмү өсүмдүктүн биол. ж‑а топурактын өзгөчөлүгүнө жараша болот. Н. Д. Дүйшембиев.