АНКАРА САЛГЫЛАШЫ
15:45, 7 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(1402) – эмир Тимур м-н түрк султаны Баязит /нин аскерлеринин ортосундагы Анкаранын алдындагы согушу. Салгылаштын жүрүшүндө Тимурдун аскерлери Анкараны курчоого алган ж-а Баязит туткунга түшкөн. Жардамга келген түрк аскерлеринин сан жагынан аз болгондугуна байланыштуу, алардын чабуулунун мизи кайтарылган. Баязиттин жеңилип калуусунун негизги себептеринин бири – анатолиялык бейлердин Тимурга өтүп кетүүсү болгон. Натыйжада Европадагы күчтүү мамлекеттерден болгон түрк мамлекети убактылуу алсырап, өлкөдө Баязиттин уулдарынын ортосунда бийлик үчүн ич ара күрөштөр, элдик көтөрүлүштөр күч алган.