АРИТМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(а... ж-a гр. rhythmos – ыргак) –

жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу. А-да жүрөктүн кагышынын өтө тез (тахикардия) же жай (брадикардия) согушу сезилет. Ага жүрөк оорулары (миокардит, кардиосклероз), нервдин жүрөктү башкаруу ишинин бузулушу ж. б. се­беп болушу мүмкүн. Балдардын, өспүрүмдөрдүн жүрөгүнүн тез-тез кагышы алардын организминин өсүшүнө байланыштуу физиол. өзгөрүү болуп эсептелет. Айрым учурда А. кан айлануунун бузулушуна, жагымсыз сезүү, баш айлануу ж. б. алып келет, кээде оорулууга сезилбейт. Ага себепчи болгон негизги ооруларды дарылап, жүрөктүн бир калынта согушун калыбына келтирүү керек.