АРИСТОТЕЛЬ
(б. з. ч. 384, Халкидики ж. а-ндагы Стагира ш. – 322, Эвабел а-ндагы Халкида
ш.) – байыркы грек элинин улуу философу, Пла
тондун окуучусу, илимпоз энциклопедиячы,
перипатетиктердин мектебин негиздөөчү. Б. з. ч.
335-ж. Афиныда өз мектебин уюштурат. Анда
өзүнө чейинки философия м-н илимдин жетишкендиктерин жалпылап системага салган, ар
түрдүү илим тармагында көп сандаган эмгектерди калтырган ж-а анын окуусунда айрым илимдер филос. өңүттө түшүндүрүлгөн, классификация берилген. А. ырасында илимий философияны негиздөөчүсү болуп саналат. А-дин филос. системасын жалпысынан логика ж-а метафизика түзөт. Категориялар тууралуу окуусу
(маңыз, мамиле, орун, убакыт, салат, сан, аракет, ээлөө, абал) логика м-н метафизиканын чегинде турат. Өзүнүн «Метафизикасында» А. конкреттүү болмуш, нерсе материя м-н форманын
биримдиги деп эсептейт да, материяны пассивдүү, чындыктын мүмкүнчүлүгү, ал эми форманы активдүү, нерсенин башаты, маңызы иретинде караган. Нерселердин жаралуу ж-а жок
болуу проблемаларын чечүү м-н төрт түрдөгү
(формалдуу, материалдуу, кыймылдатуучу же
жаратуучу, максаттуу) себептер тууралуу окууну иштеп чыккан. «Физика» деп аталган эмгегинде ал мейкиндик, кыймыл, чексиздик, зарылчылык, кокустук ж. б. түшүнүктөрдү терең
анализдеген. Анын космологиясында дүйнө төрт
элементтен (от, жер, суу, аба) турат деп, эфирдин бешинчи элемент болоору көрсөтүлгөн.
Анын «Жан тууралуу» эмгегинде касиеттери
ж-а түрлөрү (өсүмдүк, сезимдүү жан, акыл эстүү
жан) изилденген. А-дин филос. мурасынын бир
бөлүгүн анын коом м-н мамлекеттин өнүгүшүнө
арналган көзкараштары түзөт. Ал социалдыксаясий көзкараштары б-ча кул ээлөөчүлөр табына ыктаган, кул ээлөөчүлүктү табигый деп
билген. А. кул ээлик мамлекетинин формасын
үчкө бөлөт: монархия – бир адамдын бийлиги,
аристократия – азчылыктын бийлиги, демократия – көпчүлүктүн бийлиги. Булардын ичинен монархияны биринчи катарга коёт. Ал о. эле
мамлекеттин, үй-бүлөнүн келип чыгышын да
изилдеген. Анын пикиринде, мамлекеттин пайда
болушуна адамдардын биригип турмуш куруп,
өз ара мамиле жасоого умтулушу себеп болгон,
б. а. анын чыгышын табигый өнүгүүнүн натыйжасы деп түшүнгөн.
Ад.: АхмановА. С. Логическое учение Аристотеля.
М., 1960; Зубов В. П. Аристотель, М., 1963; АльФараби Философские трактаты. А.-А., 1970.
Г. Т. Ботоканова.